Кымбаттуу мекендештер!

          Дүйнө өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнүн эпидемиялык кырдаалды турукташтырууга багытталган чараларынын натыйжасында, биздин үч миңдей мекендеш ар кайсы өлкөлөрдө кыйын кырдаалдарда калышты. Алардын саны андан ары дагы өсөрү белгилүү. Биринчи кезекте, Россия Федерациясынын аэропортторундагы жарандарыбызды алып келүү чаралары көрүлүүдө. Бирок, көрүлгөн чараларга карабастан, бардыгына өз убагында жардам берүү мүмкүнчүлүгү болбой жатат.

Биздин чет өлкөлөрдөгү диаспора уюмдары жана бирикмелери тарабынан ал жерде жүргөн жарандарыбызды колдоого алган зор иштер жасалган. Ушундай кыйын учурда дагы сиздер четте калбадыңыздар. Москва жана Новосибирск аэропортторундагы учуу кезегин күтүп жаткан мекендештерибизге тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте ысык тамактын уюштурулушу буга мисал. Бардык колдон келген чаралар көрүлүп жаткандыгына карабастан дагы көптөгөн маселелер али чечилбеген бойдон калууда.

Көптөгөн жарандарыбыздын жумушсуздук, финансылык каражаттардын жетишсиздиги жана мекенине кайтуу мүмкүнчүлүгү жок болуу сыяктуу көйгөйлөргө туш келери турган иш. Аларга эмгек, турак жай жана финансылык маселелерин чечүүдө көмөктөшүү, Кыргызстанга азыр кайтып келүү аракеттери кошумча көйгөйлөрдү жаратары тууралуу маалымат берүү зарыл.

Кырдаалга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы бардык диаспора уюмдарын, ошондой эле Россия Федерациясынын бардык региондорундагы коомдук өкүлдөрдү пандемиянын айынан Россия Федерациясынын аймагында татаал кырдаалга кабылган жарандарыбызга колдон келген жардамдарды берүүгө жана ар кандай чакырыктарга ыкчам жана ар тараптуу реакция кылуу үчүн күчүбүздү бир жерге бириктирүүгө чакырат.

Сиздер алар менен бир жерде жүрөсүздөр, көйгөйлөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн жакшы билесиздер. Мындай кезеңдерде, сиздердин мекенчилдигиңиздерге жана ынтымагыңыздарга үмүт артабыз. Ошону менен катар, чет өлкөлөрдө жүргөн жарандарыбызга жеке гигиенаны жана коомдук тартипти сактоо, коомдук жайларга көп барбоо, ошондой эле убактылуу мекенине келбей туруу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү суранабыз. Бул, биринчи кезекте, өлкөдөгү жакындарыбыздын жашоосуна жана саламаттыгына кам көрүү болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы учурдан пайдаланып, өлкө ичинде жана чегинен сырткары жашаган бардык жарандарыбызды таажылуу вирустун айынан келип чыккан кризисти биргелешип жана жоопкерчилик менен жеңип чыгууга чакырат.

Эгерде аң-сезимдүүлүк жана жоопкерчилик менен аракеттенсек, биз бул чакырыкты азыраак жоготуу менен жеңип чыгабыз.

Биз сиздер менен бул көйгөйдү чечүү үчүн активдүү иштешебиз жана суроо келип чыкса Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнө кайрылууңуздарды өтүнөбүз:

Москва ш.:

Малая Полянка, 12 «А»,

телефон:   8(495)7807412; +7 (985) 9788856; +996 (550)918882 (WhatsApp)

Сибирь Федералдык округу:

Телефон: 8 963 268 72 42,

Урал Федералдык округу:

Телефон: 8 (965) 594 60 23,

e-mail: pred.migras@mail.ru,

ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматына

Бишкек шаары,

Москва көчөсү, 194 (Үмөталиев көчөсү менен кесилишет),

+996 312 312785;

Open chat
Powered by